Болот, колдооң жана мага берген бааң үчүн чоң рахмат. Домен мейкиндиги боюнча орустун шовинисттери менен колдон келгиче тирештим, бирок тилекке каршы өзүмдүн элим, кыргыздар колдоп бералган жок. Кыргыз улутунун кызыкчылыктары үчүн кылган бул тирешүүмдү Самойленко, Жеребко, Ушаков сыяктуу кишилерге уттурдум. Айрым кыргыздарга таарыныч жок, бирок жалпысынан алганда элибиз манкурт эле болуп калыптыр. Казак, өзбек, тажиктерче жокпуз, келтейген мамлекет кымындай бир жеке фирманын оюнуна алаксып жүрөт.
Жана мындай натыйжада убактылуу Президент Отунбайдын түздөн түз күнөөсү бар. Мен азыр мурунку Президенти Бакини мактагым келбейт, бирок чындыкты айтышым керек - ал кишиге кирип, кыргыз улутунун кызыкчылыктары кандайча жапа чегип жатканын түшүндүргөндө мага дароо эле: «Улан, бул абдан пайдалуу иш экен, сен адиссиң, мамлекет башчысы катары сенин демилгеңди колдоп берем, сен да аягына чейин бүтүрүп катардагы колдонуучулардын кызыкчылыктарын коргоп бер», деп айткан. Тилекке каршы, Азияинфодогулар Максимге тыйын берип бул ишти тынчытып коюшкан, кийинчерек бийлик алмашып, Роза апчебиз келип болгон эмгекти бир колу менен сызып салды.
Болот, колдооң жана мага
ср, 27/07/2011 - 01:23Болот, колдооң жана мага берген бааң үчүн чоң рахмат. Домен мейкиндиги боюнча орустун шовинисттери менен колдон келгиче тирештим, бирок тилекке каршы өзүмдүн элим, кыргыздар колдоп бералган жок. Кыргыз улутунун кызыкчылыктары үчүн кылган бул тирешүүмдү Самойленко, Жеребко, Ушаков сыяктуу кишилерге уттурдум. Айрым кыргыздарга таарыныч жок, бирок жалпысынан алганда элибиз манкурт эле болуп калыптыр. Казак, өзбек, тажиктерче жокпуз, келтейген мамлекет кымындай бир жеке фирманын оюнуна алаксып жүрөт.