Болот, колдооң жана мага берген бааң үчүн чоң рахмат. Домен мейкиндиги боюнча орустун шовинисттери менен колдон келгиче тирештим, бирок тилекке каршы өзүмдүн элим, кыргыздар колдоп бералган жок. Кыргыз улутунун кызыкчылыктары үчүн кылган бул тирешүүмдү Самойленко, Жеребко, Ушаков сыяктуу кишилерге уттурдум. Айрым кыргыздарга таарыныч жок, бирок жалпысынан алганда элибиз манкурт эле болуп калыптыр. Казак, өзбек, тажиктерче жокпуз, келтейген мамлекет кымындай бир жеке фирманын оюнуна алаксып жүрөт.
Жана мындай натыйжада убактылуу Президент Отунбайдын түздөн түз күнөөсү бар. Мен азыр мурунку Президенти Бакини мактагым келбейт, бирок чындыкты айтышым керек - ал кишиге кирип, кыргыз улутунун кызыкчылыктары кандайча жапа чегип жатканын түшүндүргөндө мага дароо эле: «Улан, бул абдан пайдалуу иш экен, сен адиссиң, мамлекет башчысы катары сенин демилгеңди колдоп берем, сен да аягына чейин бүтүрүп катардагы колдонуучулардын кызыкчылыктарын коргоп бер», деп айткан. Тилекке каршы, Азияинфодогулар Максимге тыйын берип бул ишти тынчытып коюшкан, кийинчерек бийлик алмашып, Роза апчебиз келип болгон эмгекти бир колу менен сызып салды.
Этот блог не обновлялся с 2014 года. Изначально он имел совершенно другой, более продуманный дизайн и структуру. 8 ноября 2026 года сайт был восстановлен из старых архивов во временном оформлении, поэтому часть страниц, ссылок и изображений может отображаться некорректно или не работать. При этом все материалы сохранены: статьи можно искать, просматривать и читать.
Болот, колдооң жана мага
Şarşembi, 27/07/2011 - 01:23Болот, колдооң жана мага берген бааң үчүн чоң рахмат. Домен мейкиндиги боюнча орустун шовинисттери менен колдон келгиче тирештим, бирок тилекке каршы өзүмдүн элим, кыргыздар колдоп бералган жок. Кыргыз улутунун кызыкчылыктары үчүн кылган бул тирешүүмдү Самойленко, Жеребко, Ушаков сыяктуу кишилерге уттурдум. Айрым кыргыздарга таарыныч жок, бирок жалпысынан алганда элибиз манкурт эле болуп калыптыр. Казак, өзбек, тажиктерче жокпуз, келтейген мамлекет кымындай бир жеке фирманын оюнуна алаксып жүрөт.