Биринчиден Массалык маалымат каражаттарында Манас эпосун Кытайлыктар "менчиктеп алыптыр" дегендей маалыматтар жарык корду. Албетте, окуянын чоо-жайын толук билбеген кыргыз коомчулугу, "Эми эмне болот? Манас эпосу биздин эпоста, аны "алардан кайра кайтарып алыш керек " дегендей аракеттерди жасады". Бул жерде мамлекеттин дагы куноосу бар. Алар Манас эпосунун айланасындагы болуп жаткан талаш-тартыш маселелерди коомчулукка мына-мындай болуп жатат деп тушундуруу иштери менен баштаса болмок. Бул жерде баягы бузук телефондогудай эле окуя болду. Кытайлыктар эмне деген катты БУУга жибергенин жада калса биздин ошол парламентте отурган депутаттар да билбейт экен. (Ушул нерсе абдан окундурот. Алар ал жакта эмне кылып отурушат. Жок дегенде ошол документ менен жакшылап таанышып алса болмок).