Сиздин бул жерде жазгандарынызга толугу менен кошулам. Чынында бугунку парламент оз алдынча эч бир нерсени чеч алышпайт. Болгону алардын депутат деген эле аты болбосо кылып жаткан ишинин бири да байкалбайт. Бул жерде баардык эле депутаттар эч нерсе билбей отурат дегенден да алысмын. Арасында оз ишин билгендери да бар. Бирок алар, копчулук эч нерсе билбеген депутаттардын арасында кумга синген тамчыдай болуп жоголуп кетип жатпайбы. Мурда парлементтин кучу абдан чон болчу. Анын кабыл алган мыйзамдары, чечимдери калктын керегине жарачу. Азырчы…
Азыр болсо жогорудан атайын даярдалып келген документтерди карабай туруп, кош колдоп туруп колдоп беришет.
Парламенттин алдына келип оз министрликтеринин кылган ишин тушундуруп беруу учун эле министр жана башка ведомстволордун жетекчилеринин чынында коп убактысы кетет. Депутаттар болсо министр келгенде гана ал даярдап келген документтерди карагандай сезилет. Эми жопжонокой суроолордун жооптору ошол документте толугу менен жазылып, тушундурулуп берилет. Анан алар парлементте отуруп алып, жаш баланын суроолорунан жаман суроолорду берип тажатышат.
Эми ошол депутаттарды мамлекет хандардай эле багат. Алдына машина, устуно уй берип дегендей. Ал каражатты кимдер берип жатканы менен депутаттардын иши да жок. Алар жашап жаткан каражат эртеден кечке эшикте кыштын суугуна карабай, жайдын ысыгына карабай иштеп жургон элдердин эсебинен келет да. Жок дегенде ошол калктын каарынан корксо болбойбу.
Азыр карап корсонор Жогорку Кенеште отурган ар бир депутат озунчо эле бизнесмен. Жок дегенде бир базардын, же фирманын директору. Алар ЖКга оз байлыгын коргош учун эле келгендей таасир калтырат…
Оз камынарды ойлобой элдин камын ойлогула. Силерди депутат кылып шайлаган эл. Эл болбосо силер азыр алдыгы жерде отурбайт болчусунар…
Этот блог не обновлялся с 2014 года. Изначально он имел совершенно другой, более продуманный дизайн и структуру. 8 ноября 2026 года сайт был восстановлен из старых архивов во временном оформлении, поэтому часть страниц, ссылок и изображений может отображаться некорректно или не работать. При этом все материалы сохранены: статьи можно искать, просматривать и читать.
Сиздин бул жерде
сб, 16/01/2010 - 01:46Сиздин бул жерде жазгандарынызга толугу менен кошулам. Чынында бугунку парламент оз алдынча эч бир нерсени чеч алышпайт. Болгону алардын депутат деген эле аты болбосо кылып жаткан ишинин бири да байкалбайт. Бул жерде баардык эле депутаттар эч нерсе билбей отурат дегенден да алысмын. Арасында оз ишин билгендери да бар. Бирок алар, копчулук эч нерсе билбеген депутаттардын арасында кумга синген тамчыдай болуп жоголуп кетип жатпайбы. Мурда парлементтин кучу абдан чон болчу. Анын кабыл алган мыйзамдары, чечимдери калктын керегине жарачу. Азырчы…