Beyşembi, 14/01/2010 - 22:00

Туура, кыргызчанын сөз казынасында арабизм, парсизм, монголизмдер жана түздөн түз же орусча аркылуу кирген батыш тилдеринен кирген неологизмдер толтура (мисалы франсызча monpansie'ден келген момпосүй). Мындай көрүнүш жаман эмес, демек тилибиз кылымдар боюнча туруп калбай өнүгүп келатат.

Ошол эле кезде тилибиздин эрежелери, мантыгы (логикасы) түркий болуп калаберет. Демек казакча, өзбекче, уйгурча, түркчө сыяктуу башка тууган түркий тилдердин өнүгүү тажрыйбасын көзөмөлдөп алардан бөлүнбөй жакын турсак анда бизди глобализациянын бөрүсү жакында жеп кеталбайт.