Улуттук бизнес-ассоциациялыр Альянсы(УБАА) уюштурган kg доменин башкаруу маселеси боюнча өткөн жумада болгон «тегерек стол» чоң ыңгайсыздык менен аяктады. Ушул иш-чарага катышууга чакырылган, Интернеттин даректик мейкиндигин башкаруучу эл аралык ICANN корпорациясынын өкүлү Джордж Садовски, ушул иш-чаранын жүрүшүндө анын айткандарынын бир бөлүгү бурмалангандыгы, же туура эмес түшүндүрүлгөндүгү (алар кыргыз ММКларында жарыяланган) жөнүндө жакынкы күндөрдө билдирүү жасоого аргасыз болгон. Айтмакчы, бардыгы жөнүндө сөз ырааты менен болсун…

Сөздөрдүн оюну

Окурман, бир аз жөн эле ойлонуп көрөлүчү, дегинкиси «тегерек столдор» эмне үчүн өткөрүлөт? Жообу айкын эле болуп тургансыйт: тигил же бул окуялар, маселелер же көрүнүштөр боюнча ар кандай көз караштагы адамдар мүмкүн болушунча пикир алмашуу жана өз көз караштарын жакындатуу, консенсус табуу үчүн. Ошондуктан ал «тегерек» деп аталат. Бирок, кээде «тегерек стол» «бир дарбазага ойноо» деп аталган оюн коюучу кой терисин жамынгандардын спектакли болуп калат. Улуттук бизнес-ассоциациялыр Альянсынын колдоо көрсөтүүсү астында өткөн иш-чара болжол менен ушундай сценарийди көз алдыга келтирди.

УБААда көрсөтүлгөн бизнесмендерди эмне түйшөлтөт? Республикада электрондук сооданын өнүкпөй жаткандыгыбы? Же жаңы Интернет-технологияларды өздөштүрүүнү кетенчиктеттирип жаткан жогорку деңгээлдеги домендерди каттоо базарындагы атаандаштыктын жоктугубу? Таптакыр андай эмес. Ушул иш-чара тууралуу УБААнын сайтында жайгаштырылган маалыматтарга байкоо салсак, бизнес-ассоциациялар Альянсы, эгерде ICANN корпорациясы бул ыйгарым укуктарды ага өткөрүп берүү жөнүндө чечим кабыл алса, улуттук домен аймагын башкарууда Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматы (Кыргызпатент) кандай суммага токтоло тургандыгы жөнүндө кабатырланат.

Белгилүү болгондой, бүгүнкү күндө ата мекендик «АзияИнфо» компаниясы жогорку деңгээлдеги kg аймагындагы домен наамдарынын башкаруучусу жана бирден бир каттоочусу болуп эсептелет. Мындай абал интерент-колдонуучуларды дагы, мамлекетти дагы, айтмакчы ошол эле ICANNди дагы канааттандырбайт, бул жөнүндө 2006-жылы ошол эле Джорж Садовски тарабынан анын түйүндүк коомчулуктун өкүлдөрүнүн көңүлүнө түйүү үчүн айткан сунуштарында айтылган болучу.

Албетте, акча эсепти сүйөт жана ар бир жарандын парзы – мамлекеттик бюджеттин бүтүндөй коомдун жыргалчылыгына иштөөсү жөнүндө кам көрүү болуп эсептелет. Муну менен улуттук домен аймагынын тагдырына күйүп-бышып жаткан адамдар эки учурду көңүлдөрүнөн чыгарышууда. Биринчиси: ата мекендик интернеттин өнүгүүсүнө ишкерлер гана эмес мектеп окуучулары, студенттер, үй кызматындагы аялдар – кыскасын айтканда өлкөнүн бардык жарандары кызыкдар. Экинчиден, Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматы мамлекеттик структура болуп эсептелгени менен салык төлөөчүлөрдүн каражаттарынын эсебинен жашабайт, ал өзү иштеп акча табат жана мамлекетке салыктарды төлөйт.

УБААнын сайтында жарыяланган кабарлоодо «тегерек столдун» программасындагы дагы бир пункт жогоруда эскертилген Дж.Садовски: «Эгерде Кыргызстандын иштиктүү коомчулугу менен мамлекеттин ортосунда консесуска жетишүү болбосо, анда ICANN администратордун ыйгарым укугун «АзияИнфо» компаниясына калтырат» (сөзмө сөз цитаталаймын – Л.П.) деген тилектештигин билдиргендиги жөнүндө белгиленет. Бул беделдүү эксперт үчүн «тегерек столго» виртуалдуу катышуучу катары катышуучуну чакырышып, аны менен жолугушуунун уюштуруучулары Skype боюнча сүйлөшүп турушкан. Ал учурда домен наамдарынын маэстросу Египеттеги Шарм-эль-Шейхте конференцияда жүргөн болучу, анын сүйлөгөн сөздөрү «тегерек столдун» катышуучуларына ошол замат далма-дал которуу аркылуу жеткирилип турган. Муну менен котормочунун айтымында байланыш жакшы эмес болгон. Ошондуктанбы же башка себептенби айтор ICANN башкармасынын мүчөсү болуп эсептелген Джорж Садовскинин сүйлөгөн сөздөрүнөн алынган үзүндүлөр элге бурмаланган түрдө келип жеткен.

Жогоруда эскертилген үзүндүдөн тышкары, эксперттин сөзү менен айтканда: «ICANN Кыргызстандын өкмөтүнүн KG домен аймагын башкаруу укугун ага өкүлдөө жөнүндө өтүнмөсүн карабай кое алат, эгерде муну жергиликтүү Интернет-каамчулук колдобосо» деген сыяктуу имиштер да билдирилген. Дагы бир булакта Дж.Садовскинин айткандары мындайча берилген: «Каттоо менен башкаруу жеке сектордун, өкмөттүк эмес уюмдун же операторлор ассоциациясынын колунда болуусун сунуштаар элем». (белгиленген сөздөргө көңүл буруңуз, биз буга кайра дагы кайрылабыз). Бир сөз менен айтканда, кокустуктанбы же атайын жасалганбы, айтор бардык басымдар домендик наамдарды бөлүштүрүүнү башкаруучу эл аралык структуранын жетекчилигинин уктап жатып рулдагы Кирнетти, Байланыш операторлор ассоциациясы аркылуу «мамлекеттик эмес структуралардын бирин» көрүп жаткандай абалга жасалган. Ал эми мамлекеттин улуттук домен аймагын башкарууну жүзөгө ашырууга болгон умтулуусу – бул акылсыздык жана фундаменталдуу укукка жана эркиндикке келтирилген коркунуч катары көрсөтүлгөн.

Ал эми соттор кимдер?

Кыргызстандын маалымат мейкиндигинин массалык аудиториясына берилген өзүнүн айткандарынын англис тилине котормосу менен таанышып чыгып, господин Садовски таң калган жана ал жөнүндө Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматынын жетекчисине кат жазуу аркылуу пикир бөлүшкөн.

«Шаршембиде, 18-ноябрда Skype боюнча Шарм-эль-Шейхтен (Египет), - деп жазат Садовски, – мен Бишкектеги (Кыргызстан) «тегерек столдун» ишине катыштым. «Тегерек столдун» темасы жогорку деңгээлдеги өлкөнүн коду (ccTLDs) болду. Мен ccTLDs тарыхы, анын ичинде аны кайра өкүлдөө жөнүндө сүйлөдүм. Менин максатым кандайдыр бир белгиленген өлкөнү талкуулабастан, теманы жалпы талкуулоо болду. Англис тилиндеги котормолордон улам мен Интернете жайгаштырылган тексттер контекстен үзүндү материалдарды алуунун натыйжасында ортосунан түшүрүлүүнү, айрым фактылардын бурмалануусун жана туура эмес түшүндүрүүлөрдү камтыгандыгын түшүндүм». Андан ары каттын автору ата мекендик Интернеттин камкордук кылуучулары угузгандарга жумшартып айтканда толук дал келбеген өз көз карашын билдирген кыскача тезистерди келтирет. Алардын айрымдарын келтирели:

«3. ccTLD эң башында эле дал ошол жергиликтүү Интернет коомчулуктун пикирине чоң көңүл бурулган жана болжоштурулган өкүлдөө жергиликтүү (улуттук) коомчулуктун керектөөлөрүн канааттандырууга тийиш болгон. Жогоруда көрсөтүлгөн колдонмонун 2-пунктунда бул кыйла кеңири баяндалган.

4. Менин көз карашымда, Интернет коомчулук өз ичине колдонуучуларды, Интернет провайдерлерди жана Интернетке байланышкан ар кандай кызмат көрсөтүүлөрдү берүүчүлөрдү камтуу менен, Интернеттин туура иштөөсүнө көз каранды болгон бардык жактарды камтыйт. Мындай жактар бардык секторлордо бар: мамлекеттик органдар, жеке бизнес, техникалык коомчулуктар, жарандык коом жана Интернет колдонуучулар.

5. сcTLD мамлекеттик агенттиктер, жеке структуралар же өкмөттүк эмес уюмдар (ӨЭУ) тарабынан администрацияланышы мүмкүн; жана бүгүнкү күндө өкүлдөөнүн бардык үч түрү колдонулат.

6. ICANN кандайдыр бир өлкөдө өкүлдөө маселесине бейтарап мамиледе болот. Ал өлкөнүн ичиндеги кандайдыр бир саясатка кийлигишпейт. Чечимдер өлкөнүн ичинде кабыл алынууга тийиш».

Биз ошондой эле ICANNдин өкүлү Вени Марковски менен телефон аркылуу байланышууга жетиштик, ал төмөндөгүдөй түшүндүрмөлөрдү берди.

«Мен Дж.Садовскинин сөздөрүнө түшүндүрмөлөрдү бере албаймын, анткени ага катышкан жокмун, бирок мен, «24. kg» жана «АКИ press» маалымат агенттиктеринин материалдарынын жана жарыялоолорунун башында так эместиктерге жол берилгендигин айта алам. Биз ICANN дарегине келип түшкөн документтерге баяндамаларды бербейбиз, анын үстүнө домен наамдрын башкаруу боюнча ыйгарым укуктарды кайра өкүлдөө маселелери эл алдында талкууланбайт. Бул документтерди карап чыгууда биз тараптардын эч биринин позициясын кабыл албайбыз, Интернет үзгүлтүксүз жана бүтүндөй коомчулуктун кызыкчылыгына иштеши керек деген принципти жетекчиликке алабыз. Кайра өкүлдөө процессии Интернет-колдонуучулар үчүн зыянсыз өтүшү абдан маанилүү. Ошондуктан тараптардын консесуска келиши абдан маанилүү».

Айтылгандардан улам багышталбаган окурманга дагы ICANN акыркы инстанциянын акыйкатынын ролун, анын үстүнө – улуттук домен аймагынын администраторун алмаштырууда коомдогу пайда болгон талаш-тартыштарда арбитрдин ролун өзүнө албай тургандыгы түшүнүктүү болгондугу талашсыз. Белгилүү бир эрежелери, талаптары жана ыкмалары бар. Бирок оюндун негизги эрежелерин оюнчулар өзүлөрү үчүн улуттук деңгээлдеги Интернет мейкиндикте өзүлөрү аныктоого тийиш. Дал ошондуктан ICANNдин башкы принциптери катары түйүндүк коомчулуктун бардык өкүлдөрүнүн кызыкчылыктарын сактоо жана түйүндүк мейкиндиктеги бардык оюнчулардын ортосундагы консесус аталды. Анткен менен судялардын жана акыйкатчылардын ролун kg домен аймагын башкаруу сыяктуу мындай маселеде арам ою жок кээ бир структуралар өзүлөрүнө алышууда.

Согушта согуштагыдайбы?

«Мааниси боюнча маалыматтык согуш жүрүп жатат, – деп баяндайт жагдайды Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматынын (ИММК) башчысы Улан Мелисбек. – биздин оппоненттер дагы, интернет-коомчулуктун кызыкчылыктарын алар гана колдой ала тургандай элес калтыруу үчүн бардык каражаттарды, анын ичинде уруксат берилбегендерди да пайдаланышат. Муну менен иш жүзүндө алар бир гана максатты көздөшөт: улуттук домен аймагын башкаруудагы статус-квону өзүндө сактап калууну. Ошентип алар ICANN жетекчилигинин өкүлдөрүн жана эксперттерин өзүлөрүнүн жактоочулары катары көрсөтүү үчүн ушундай иштерди жасоого чейин жетишти, бул тереңинде бул уюмдун принциптерине каршы келет».

KG аймагын башкаруу боюнча ыйгарым укуктарды Интеллектуалдык менчик кызматына өткөрүп берүүгө каршы чыккандар Байланыш операторлор ассоциациясы (БОА) жана «Интернет саясаттын жарандык демилгелери» (ИСЖД) КФнын башчысы Таттуу Мамбеталиева экендиги эч кимге жашыруун эмес. Акыркы кездерде алар тарабынан улуттук домен аймагын башкаруу милдеттерин өкүлдөө боюнча коомдук пикирди БОАнын пайдасына өзгөртүүнү иштеп чыгууда активдүүлүктүн улам өсүп бара жаткандыгы байкалды. Мисалы сентябрь айында маалымат агенттиктеринин бирине берген өзүнүн интервьюсунда айым Мамбеталиева мындай деп кабарлаган эле: «ICANN менен тыгыз байланышта иштешкен эл аралык эксперттердин сунуштарына ылайык, домен аймагын башкарууга мыкты талапкер катары «АзияИнфого» кирүүчү «Кыргызстандын Байланыш операторлор ассоциациясы» чыга алмак. 2006-жылы доменди башкаруу боюнча ошол учурдагы жагдайды баалоо үчүн ICANN менен ошол кезде иштеген эл аралык экспертти чакырган болчубуз. Эксперт изилдөө жүргүзүп, бир катар жолугушууларды өткөрүп, андан соң жогоруда мен айткандай жыйынтыкка келген эле».

Ушул макала үчүн материалдарды чогултуп жатып анын автору ИСЖДнын сайтына кирген, анда: «КРда (ccTLD) биринчи деңгээлдеги домен наамдарын башкаруу боюнча сунуштар» деген жалпы аталыштагы, бизге белгилүү Джордж Садовски тарабынан даярдалган материалдарга көзү урунган. Анда кара менен ак бетине мындай деген жазуулар жазылган: «(Кыргызстанда – Л.П.) тармактык бир бирикме– Байланыш операторлор ассоциациясы бар. Анын мүчөлөрү болуп провайдерлердин көпчүлүгү (бирок бардыгы эмес), Кыргызтелеком, ыкчам байланыш операторлору жана телекоммуникациялык жабдууларды чыгаруучу бир нече компаниялар эсептелет.

Ассоциация бизнес деңгээлиндеги Интернет коомчулуктардын көпчүлүгүн камтыйт, бирок ошондой эле кызыкчылыктары тура кедбеген, кай бир учурларда Интернет коомчулуктун кызыкчылыктарына кастык мамиледеги кээ бир жактарды дагы камтыйт (мен белгиледим – Л.П.)». Ал эми андан аркы «Сунуштар» деген бөлүгүндө мындай деп айтылган: «Балким, жаңы уюм түзүү керектир. Байланыш операторлор ассоциациясы бүтүндөй Интернет коомчулуктун жүзүн көрсөтпөйт». Чынында эле: БОА кимдин кызыкчылыгын көрсөтөт? Ыкчам байланыш операторлорунун кээ бир компаниялары жана Интернет-провайдерлердин бир бөлүгү максималдуу деңгээлде өзүлөрүнүн кызмат көрсөтүүлүрүнүн баасын кармап турууга кызыкдар. Алар иш жүзүндө катардагы Интернет-колдонуучулардын кызыкчылыктарын көрсөтө алышабы? Алар социалдык түйүндөрдү өнүктүрө алышабы, колдонуучулардын айрым бир категориялары үчүн акысыз хостингдерди көрсөтө алышабы? Анын ортосунда коомчулуктун башын айландырып, Кирнеттин ангел-сактоочусунун ролуна БОА гана талапкерлик кыла алат деген пикирди таңуулашууда.

«Таттуу Мамбеталиева, ошондой эле кайсы болбосун өзүнчө алынган өкмөттүк эмес уюм бүгүнкү күндө бүтүндөй Интернет-коомчулукту көрсөтпөйт жана анын атынан чыгып сүйлөөгө ыйгарым укуктуу эмес. Бул коомчулук али толук кандуу калыптана элек жана эң кеңири мааниде алардын кызыкчылыгында чыгууга, муну менен өтө коммерциялык мүнөздөгү кызыкчылыктардан эркин турган Интернет-колдонуучулардын кызыкчылыгын көрсөтүүчү ассоциация али пайда боло элек. Ошондуктан мамлекет улуттук домен аймагын башкаруу милдетин өзүнө алууга аргасыз, – деп сөзүн улады ИМ Мамкызматынын башчысы.–Өтүнмөнү карап чыгуу ICANN эрежелери бузулган учурда гана убактылуу токтотулушу мүмкүн. Бирок биз эрежелерди милдеттүү түрдө сактап келебиз. Ошентип ICANN эрежелеринде аргасыз кайра өкүлдөө жол-жоболору караштырылган. Бирок биз мындайды каалабайбыз, анын үстүнө «АзияИнфо» менен өз-ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлган. Тилекке каршы, кагаз жүзүндө жетишилген макулдашуу «АзияИнфо» тарабынан азырынча иш жүзүндө эч нерсе менен бекемделе элек. Тескерисинче, ушул болуп жаткан нерселер болуп жатат. Бирок формалдуу деңгээлде аргасыз кайра өкүлдөө үчүн азырынча эч кандай себеп жок». Азырынча ИСЖД оппоненттери Интернет-коомчулуктун уюштурулган бөлүгүнө шек саноолордун уругун себүүгө далалаттанып жатышат, Кыргызпатент техникалык жана уюштуруу маселелерин чечүүдө ишенимдүү алга жылууда.

ИММКнын пресс-кызматынан кабарлашкандай, жакында эле ICANNдин техникалык структурасы болуп саналган IANA уюмунан улуттук домен аймагын мындан ары башкаруу үчүн Кыргызстандын аймагында жана чет өлкөдө орнотулган 4 DNS-серверлердин бардыгы техникалык тестирлөөдөн ийгиликтүү өткөндүгүн ырастаган кабар келген. Азыр техникалык орган боло турган Башкаруу борборун каттоого даярдыктар жүрүп жатат, ал эми домен аймагын башкаруунун жогорку органы – Байкоочу орган болуп калат, ага маморгандар жана бизнес-структуралардын өкүлдөрү менен катар кыргызстандын түйүндүк коомчулугунун ар түрдүүлүгүн көрсөтүүчү коомдук бирикмелердин өкүлдөрү дагы милдеттүү түрдө киришет.

Людмила ПАВЛОВИЧ

Слово Кыргызстана №125 (22434)
2009-жылдын 25 ноябры
URL:
http://patent.kg/ru/news/2009/11/25/1276.htm

Add comment