Кыргызпатенттин башчысы саясый баш калка сураган жок

Бул жөнүндө Улан Мелисбек өзүнүн АКШнын элчилигинин аймагында тургандыгы жөнүндөгү маалыматты элге жайылткандан кийин көп өтпөй эле Мамлекеттик интеллектуалдык менчик кызматынын пресс-кызматынын кызматкерлерине кабарлаган.

“Бул кабарлоо республиканын маалыматтык агенттиктеринин сайттарында жарыялангандан кийин, мага саясый баш калка суроого ниетиңиз барбы деген суроолор менен чала башташты”, - дейт Кыргызпатенттин директору. – Ушуга байланыштуу мен, өлкөдөн чыгып кетүүгө ниетим жок жана мени кызмат орунумда мындан ары калтыруу маселесинин максатка ылайыктуулугу жөнүндөгү маселе чечилмейинче өзүмдүн жумушчу орунумда кала тургандыгым жөнүндө билдирүү менен чыкмакмын”.

Анын үйүнө агресивдүү маанайдагы адамдардын тобу кирип келишкенде эмне үчүн укук коргоо органдарына кайрылган жоксуз деген суроого Улан Мелисбек, ансыз дагы татаал болуп турган кырдаалды курчуткум келген жок деп жооп берди. “Үйгө кирип келген адамдар сырттагыларды жардамга чакыра баштаганда, мен баламды колунан жетелеп, опуза үчүн кол салгандарга карата газдуу тапанчамды шилтеген болуп машинага умтулдум, – деп айтып берди Кыргызпатенттин директору. – Төрт жаштагы бала анын атасын кандай чатак чыгаруу менен, кандай зомбулук менен жазалап жатышканын көрбөшү керек болчу”.

Улан Мелисбек АКШнын элчилигинен баласынын коопсуздугу үчүн гана жакынкы эки күнгө баш калка сурагандыгын жана дүйшөмбүдө ишке чыгаарын кабарлады. Бардык пландаштырылган иш-чаралар бекитилген графикке ылайык жүргүзүлө бермекчи.

“Өз кезегинде мен саясый качкындын статусунда болгонмун жана бул “дарыяга” экинчи жолу киргим келбейт. Ушул кезге дейре 2005-жылы мен өлкөдө болбой калганыма арман кылам жана эми өлкө үчүн ушундай оор кырдаалда Кыргызстанды таштап кетүүгө ниетим жок.

“Мен Бакиевдердин үй-бүлөсүнө жетишээрлик жакын болгондугумду эч качан жашырган эмесмин жана жашырбайм дагы. Бирок, Борбордук-Азиянын мамлекеттеринин кайсынысынын болбосун өзгөчөлүгү ушундай, жогорку колдоочулуксуз бир дагы жетекчинин өз саясатын жүргүзүүгө мүмкүнчүлүгү жок, өзгөчө, эгерде бул реформаларды жана кадрдык саясаттагы эң негизги өзгөртүүлөрдү талап кылса. Мен үчүн бийликте ким тургандыгы эмес, өз өлкөмө кандай пайда алып келе ала тургандыгым маанилүү. Кыргызстандын бардык жарандары менен бирдикте өлкөдө болуп жаткан окуяларга кабатырлануу менен карап турамын. Мен кызмат жана папке көксөгөндөр менен Убактылуу өкмөт канчалык кыйын абалда иш алып бараарын болжолдоп баамдап турам. Аттиң, биздин өлкөнү трайбализмден, жактоочулуктан жана барк албастыктан эч кандай революция куткара албайт го. Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнө биримдикти, аракеттердеги ырааттуулукту каалоо гана калды. Анын колунда – биздин өлкөнүн өнүгүүнүн демократиялуу жана цивилизациялуу жолуна түшүүдөгү акыркы мүмкүнчүлүгү турат”.