Улан Мелисбек Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик патент кызматынын директору болуп дайындалды
2008-жылдын 14-октябрында Кыргыз Республикасынын Президенти Курманбек Бакиев Буйрукка кол коюп, ага ылайык Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 46-статьясынын 1-пунктунун 4-пунктчасынын негизинде Улан Мелисбек Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик патент кызматынын директору болуп дайындалды.